Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 26-январы № 22-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 699 "2010-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын электр жана жылуулук энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө" токтомунун 5-пунктун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин электр жана жылуулук энергиясын уурдоо тууралуу кылмыш иштерине укук колдонуу иш-аракети жана далилдөөлөрдү топтоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплекс боюнча департаменттин директору;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин тарифтик жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги.