Редакцияот 15.06.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 15-июну № 312-б

2009-жылы селден жана ташкындардан жабыр тарткан объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтому менен түзүлгөн атайын эсептин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 1 млн. 940 миң (бир миллион тогуз жүз кыркы миң) сом бөлүп берсин:

- 480 миң (төрт жүз сексен миң) сом Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кара-Талаа участогунун Көк-Арт суусундагы көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн;

- 482 миң (төрт жүз сексен эки миң) сом Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Райкомол айылында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү жана жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу үчүн;

- 978 миң (тогуз жүз жетимиш сегиз миң) сом Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал участкасындагы көрүстөндү жуулуп кетүү коркунучунан коргоо боюнча кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал участкасындагы көрүстөндү жуулуп кетүү коркунучунан коргоо жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кара-Талаа участогунун Көк-Арт суусундагы көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча иштерди уюштурсун.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов