Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 9-июлу № 368-б
1. Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун жана "Бишкек шаарын суу менен жабдууну жакшыртуу боюнча долбоор" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык колдоо үчүн грант берүүгө макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |