Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 30-марты № 101-б
Абанын температурасы жылыганына, жаан-чачындарга байланыштуу тоолуу райондордо тоо боорундагы процесстер (жер көчкүлөр, таш кулоолор, селдер), суу каптоолор активдешкенине жана жер астындагы суулардын деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу:
Мүмкүн болгон опурталдуу табигый процесстерден адамдардын курман болушунун алдын алуу, материалдык зыянды болушунча азайтуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга карата чара көрүүгө даярдыкты жогорулатуу максатында:
1. Облустардын мамлекеттик администрацияларынын башчылары - губернаторлору - облустардын жарандык коргонуусунун начальниктери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери - жарандык коргонуунун начальниктери:
- жалпыга маалымдоо каражаттары жана айылдык округдардын өкүлдөрү аркылуу тоо боорундагы опурталдуу процесстер (жер көчкү, таш кулоо, сел), суу каптоо жана кыртыш астындагы суулардын көтөрүлүү коркунучтары жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана кабарлоону уюштурушсун;
- зарыл болсо опурталдуу табигый процесстердин активдешүү зонасында болуп калган калкты көчүрүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүшсүн;
- потенциалдуу опурталдуу зоналарга сутка бою байкоо жүргүзүүнү уюштурушсун;
- мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга каршы чара көрүү үчүн жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкта кармашсын;
- ташкын жана сел суулардын өтүшүн кеңейтүү үчүн дарыялардын, каналдардын нуктарын тазалоо боюнча чараларды көрүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри - Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуусунун транспорт кызматынын начальниги шашылыш чара көрүү жана жолдордун жана көпүрөлөрдүн бузулган участокторун тез ишке киргизүү үчүн жолду эксплуатациялоо кызматтарын даярдыкка келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри:
- дарыялардын нуктарын тазалоо, жээктерди жана тосмолорду бекемдөө боюнча кечиктирилгис жумуштарды уюштурсун;
- сугат жана башка суу чарбалык системаларды даярдыкка келтирүүнү уюштурсун;
- зарыл болсо суу сактагычтардагы суунун деңгээлин коопсуз чекке чейин азайтуу боюнча ишти элге маалымдоо менен жүргүзсүн;
- бийик тоодогу I жана II категориялардагы жырылуу коркунучу бар көлдөргө изилдөөнү уюштурсун жана ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын энергетика министри - Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуусунун энергия менен жабдуу жана жарыкты маскировкалоо кызматынын начальниги электр өткөрүү линияларынын мүмкүн болгон бузулууларын жоюу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды даярдыкта кармасын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылсын.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|