Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 30-марты № 102-б
Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № 096043 гранты боюнча "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" гранттык долбоору үчүн Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Усубалиев Э.Ж. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, делегациянын жетекчиси;
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министри (макулдашуу боюнча);
Исанова М.Н. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу
боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Салымбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, экология жана региондорду өнүктүрүү
боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Абдиев К.А. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Айдаралиев И.Р. - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Асаналиева Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин бюджеттик кызматынын эксперти (макулдашуу боюнча);
Жакыпов К.Д. - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин тышкы экономикалык байланыштар кызматынын эскперти (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|