Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 5-февралы № 32-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин материалдык-техникалык базасын чындоо, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана ички иштер органдарынын кызматкерлерине, пенсионерлерине жана алардын уй-бүлө мүчөлөрүнө дарылоо жана ден соолугун чындоо кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Психикалык саламаттыгынын республикалык борбору белгиленген тартипте Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 1 дареги боюнча жайгашкан аянты 1,5 га жер участогун Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине бөлүп, өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүп берилүүчү жер участогунун бөлүгүн кыймылсыз мүлктүн өзүнчө бирдигине берүүнү, кийин жер участогуна ээлик кылуу укугун күбөлөндүргөн документтерди тариздөө жана мамлекеттик каттоого алуу менен ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы аянты 3000 (үч миң) чарчы метр жер участогуна медициналык борборду курууга, «Инкомполис» жабык акционердик коому менен подряддык келишим түзүү менен, уруксат берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Републикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте ушул буйруктун 3-пунктунда көрсөтүлгөн курулуп жаткан медициналык борборду пайдаланууга берилгенден кийин «Инкомполис» жабык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаары, Москва көчөсү, 102 дареги боюнча жайгашкан Республикалык госпиталынын жана бейтапканасынын имаратын жана курулуштарын, жалпы аянты 0,31 га (отуз бир сотка) жанындагы аймагы менен төлөө эсебине өткөрүп берсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|