Редакцияот 25.03.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2010-жылдын 25-марты № 92-б

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы № 35 КПҮ Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондусу жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондусунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн каралган каражаттарынан бөлүнүп берилсин:

-    150 000,0 (жүз элүү миң) сом "Учкун" ААКына, "Электр энергиясына болгон тарифтик саясаттын маселелери боюнча маалыматтар" аттуу китепченин 1 000,0 (бир миң) нускасын даярдоо үчүн;

-    57 050,0 (элүү жети миң элүү) сом "Continent Print" ЖЧКсына, Кыргыз Республикасынын экономикасынын 2005-2010-жылдын 1-январына карата өсүшү" аттуу китепченин 1 000,0 (бир миң) нускасын даярдоо үчүн.

 

Премьер-министр

Д.Усөнов