Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 18-ноябры № 174-р
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Өзбекстан Республикасынан Кытай Эл Республикасына нефтипродукт түтүгүн куруу жөнүндө (мындан ары - "Чинук" долбоору) "Grеаt Silk Wаy Rеsоurces Ltd" компаниясы (Улуу Британия) сунуш кылган маселени абдан кылдат жана толук иликтеп чыгуунун зарылдыгына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Grеаt Silk Wаy Rеsоurces Ltd" компаниясынын ортосундагы "Чинук" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиешелүү долбоорун даярдоо максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри - комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары.
2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Grеаt Silk Wаy Rеsоurces Ltd" компаниясынын ортосундагы "Чинук" нефтипродукт түтүгүн куруу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюунун мүмкүнчүлүгү тууралуу "Grеаt Silk Wаy Rеsоurces Ltd" (Улуу Британия) компаниясынын сунушун эки жумалык мөөнөттө иликтеп чыксын жана ушул маселе боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |