Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 13-декабры № 205-р
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин кийим-кече менен камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына белгиленген тартипте кайтарымсыз төмөнкү кийим-кечени өткөрүп берсин:
- күрмө/юбка - 227 комплект;
- күрмө/шым - 424 комплект;
- галстук - 110 даана;
- кепка - 5 даана.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ушул тескеменин 1-пунктунда аталган мүлктү белгиленген тартипте кабыл алсын.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |