Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 29-июлу № 410-б
Автотранспорт каражатынын ээлерин транспорт каражатынын паспортторунун бланкалары менен камсыздоо максатында:
1. Транспорт каражатынын паспортторунун бланкаларын даярдоочуну жана берүүчүнү аныктоонун натыйжасы боюнча "SТ.art Ltd" ЖЧК жеңүүчү болуп таанылган тендердин жыйынтыктары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы:
- транспорт каражатынын паспортторунун бланкаларын даярдоого жана берүүгө тендердин жеңүүчүсү "SТ.art Ltd" ЖЧК менен бир бланк үчүн 256 (эки жүз элүү алты) сомдон тендердик сунуштун баасы боюнча тиешелүү контракт түзсүн;
- транспорт каражатын паспорттоштуруу жөнүндө маалыматты транспорт каражатынын ээлерине жеткирүү боюнча масштабдуу үгүттөө кампаниясын жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |