Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 29-июлу № 411-б
"Тоолордо табигый кыйроолор коркунучун азайтуу" эл аралык конференцияны өткөрүү, илимий жана практикалык сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке 2009-жылга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде 500 (беш жүз) миң сомду эл аралык конференцияны уюштурууга жана өткөрүүгө пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |