Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-июлу № 416-б
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеши жана түзүмдүк подразделениелерин кызматтык жайлар менен камсыздоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте жалпы аянты 213,7 кв.м (биринчи кабатта 196,3 кв.м жана экинчи кабаттын тепкич оюугу 17,4 кв.м), Аламүдүн району боюнча Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын балансында турган, Бишкек шаары, Лермонтов көчөсү, 35 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик администрациялык имараттын биринчи кабатынын бөлүгүн жалпы аянты 303,9 кв.м, Кыргыз Республикасынын жараны Жаманаева Патма Жанузаковнанын жеке менчик укугуна тиешелүү ошол эле имараттын экинчи кабатынын бөлүгүнө алмашууну жүргүзүшсүн.
Алмашуучу аянттардын айырмасы төлөнүп берилбейт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине берсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |