Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 5-августу № 419-б
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун архивин жайгаштыруу үчүн шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун архивин жайгаштырууга № 1 мамлекеттик резиденциянын үстү жабык сууда сүзүү бассейнинин экинчи кабатындагы, аянты 20 кв.м жана 6 кв.м болгон эки жайды аянты 6 кв.м болгон далиси менен акысыз пайдалануу шарттарында коммуналдык кызматтарга акы төлөө менен убактылуу пайдаланууга бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 14-ноябрындагы № 331-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |