Редакцияот 29.07.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 29-июлу № 13-р

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын Уставынын 9-пунктуна ылайык "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын Директорлор кеңеши төмөнкү курамда бекитилсин:

Джолдошев Нурдин Бексултанович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору, Директорлор кеңешинин төрагасы;

Абышов Азизбек Абдикеримович - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;

Мукамбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;

Кылжыев Самат Аскербекович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Абдурахманов Болот Борисович - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти.

 

            Президент

 

 Р.Отунбаева