Редакцияот 12.08.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 12-августу № 30-р

1. Кат алышуу жолу менен түзүлүүчү, Жол сектору боюнча № ТF095989 долбоорунун алкагында сапатты башкаруу системасын киргизүүгө Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондусунун грантын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы макулдашуу каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуу катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

    

            Президент

 

 Р.Отунбаева