Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 1-октябры № 107-р
Борбордук Азиялык региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) алкагында адамдарды, транспорт каражаттарын жана товарларды чек аралар аркылуу ташуулар жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн бешинчи раундун Бишкек шаарында өткөрүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Мамаев К.А. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы, делегациянын жетекчиси;
|
Турусбеков Ч.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин командачысынын биринчи орун басары - Башкы штабдын начальниги;
|
Изаев А.С. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаменттин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
|
Денисов Р.В. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык-укуктук бөлүмүнүн башчысы;
|
Жээнбекова Н.Б. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы;
|
Мурзаев К.С. | - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын начальниги;
|
Аскар уулу Мирлан | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажылык контролдоону уюштуруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары. |
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигиннн статс-катчысына жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |