Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 13-октябры № 138-р
1. Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2001-жылдын 21-декабрында кол коюлган Наркотик заттарды контролдоо жөнүндө жана укук колдонуу жагындагы көмөктөшүү жөнүндө макулдашууга № 9 Толуктоонун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине жогоруда аталган Толуктоого принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |