Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 21-октябры № 144-р
1. Туристтик тармактагы мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Муралиев А.М. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фондунун директору, жумушчу топтун жетекчиси. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Мураталиев Б.Б. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин мүлк мамилелери департаментинин директорунун орун басары; |
Үмөталиев А.С. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин кеңешчиси; |
Халитов М.Г. | - Кыргызстандын ишкерлер союзунун туризм боюнча кеңешинин төрагасы, Кыргызстандын ишкерлер союзунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Казаков Д.Б. | - «Борбор Азия туристтик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча); |
Кирик В.Н. | - Парус спорту федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Ахматова Г.Н. | - Эл аралык ишкер кеңешинин улук юристи (макулдашуу боюнча); |
Акелеев А. | - Бишкек ишкер клубунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Сыдыкова А.К. | - Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Ражиев А.Ж. | - Кыргыз коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Беделбаев Н.А. | - Кыргызстандын ишкерлер союзунун аткаруучу директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |