Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 3-ноябры № 158-р
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Кыргызстандагы кырдаалды турукташтыруу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» чечимин ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлери Армения Республикасы гуманитардык жардам катары берген автомашиналарды тиешелүү түрдө 1, 2 жана 3-тиркемелерге ылайык баланстарына белгиленген тартипте кабыл алышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул тескеменин 1-пунктунда аталган автомашиналарды бажылык тариздөөнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |