Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 4-ноябры № 159-р
Менчикке укукту коргоонун, жеке менчикти өнүктүрүү жана коргоо маселелери боюнча билим берүүчү программаларды жана телеберүүлөрдү иштеп чыгуунун натыйжалуу механизмдерин киргизүүгө багытталган сунуштардын бизнес-жамаат киргизген пакетин изилдөө максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин рекомендацияларын эске алуу менен:
1. Төмөнкүдөй курамдагы жумушчу топ түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
- ЮСАИДдин бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- Эл аралык ишкерлер кеңешинин юристи (макулдашуу боюнча);
- «Каликова энд Ассошиэйтс» юридикалык фирмасынын юристи (макулдашуу боюнча);
- Конституциялык саясат институтунун директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө бизнес-жамааттын сунуштарын талдоонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү рекомендацияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топтун жетекчиси мамлекеттик органдардын тийиштүү адистерин жана көз каранды эмес эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруу жана башка жактардан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине тапшырылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |