Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 4-ноябры № 160-р
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылдык округунун айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы 2003-жылы чыгарылган, кузов № ХТА 21074041844598, кыймылдаткыч № 7496393, ВАЗ 21074 маркасындагы автотранспорттук каражатты өз балансынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылдык округунун айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылдык округунун айыл өкмөтү ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорттук каражатты кызматтык автотранспорт катары пайдалануу үчүн муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |