Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 2-августу № 14-р
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шфйлоону өз учурунда өткөрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү бонча борбордук комиссиясы:
- <Учкун» ачык акционердик коомуна 2010-жылдын 27-июнунда болуп өткөн референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) өткөрүү үчүн бөлүнгөн үнөмдөлгөн каражаттардан 14 448000 (он төрт миллион төрт жүз кырк сегиз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын Краснокаменск Россия Федерациясы) кагаз фабрикасынын ГОЗНАК атайын кагазынан добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн алдын ала төлөөнү жүргүзүүгө уруксат берсин;
- Калган үнөмдөлгөн каражаттарды республикалык бюджеттин кирешесине которсун;
2. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |