Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 6-августу № 22-р
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун жана кат-ноталарды алмашуу жолу менен түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташуу агенттигинин (Япония) ортосундагы «Ысык-Көл жана Чүй облустарынын автомобиль жолдорун тейлөөнүн жабдууларын өркүндөтүү долбоору» боюнча 974 (тогуз жүз жетимиш төрт) миллион япон йенасы өлчөмүндөгү гранттык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |