Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 3-сентябры № 61-р
Кыргыз Республикасынын Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын объекттерин калыбына келтирүү жана реконструкциялоо боюнча өзгөчө жардам көрсөтүү тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Имашев Ч.И. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси, |
Сатыбалдиев Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору, |
Кемелова Д.А. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, |
Майкозов К.А. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, |
Байгөнчөков М.К. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, |
Муканбетов С.Т. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, |
Асаналиева Н.Б. | - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын инвестициялар бөлүмүнүн начальниги. |
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |