Редакцияот 07.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 7-сентябры № 66-р

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин, колдоого карата шашылыш жардам көрсөтүү боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) өкүлдөрү менен Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

 

Имашев Ч.И.

- Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси,

 

Сатыбалдиев Ж.Ж.

- Кыргыз  Республикасынын вице-премьер-министри, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору,

 

Салянова А.Ж.

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри,

 

Артыкбаев О.М.

- Кыргыз Республикасынын энергетика министри,

 

Мамаев К.А.

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар  министрлигинин статс-катчысы,

 

Сарыбаева Ж.С.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин эл аралык экономикалык уюмдар бөлүмүнүн башчысы,

 

Айткулов М.А.

- «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча),

 

Артыков А.А.

- «Ош электр» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча),

 

Авазов С.А.

- «Жалал-Абад электр» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча),

 

Батаканов М.Т.

- «Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча),

 

Кулмурзаев Т.Н.

- «Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча),

 

Молдобаев К.Т.

- «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча).

 

 

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгүн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

Р.Отунбаева