Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 16-апрели УӨ № 90
Гуманитардык жардам багыты боюнча Украина Республикасынан келип түшкөн эт консерваларын өз убагында пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык жардам багыты боюнча Украина Республикасынан келип түшкөн 25574 банка санындагы эт консервалары түрүндөгү гуманитардык жардамды төмөнкүчө бөлүштүрүүгө уруксат берилсин:
- 5960 банкасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары үчүн пайдаланууга;
- 7314 банкасын калктын аз камсыз болгон катмарларынын, жатак мектептердин жана балдар үйлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине өткөрүп берүүгө;
- 12300 банкасын калктын аз камсыз болгон катмарларынын, жатак мектептердин жана балдар үйлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүү үчүн Ош областынын мамлекеттик администрациясына өткөрүп берүүгө.
2. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |