Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 10-январы № 3-б
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы айыл чарбалык багыттагы жерлерди уруксатсыз басып алуудан улам болгон абалды изилдөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Сатыбалдиев Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын министри, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Башкы дирекциянын директору, комиссиянын төрагасы; |
Бусурманкулов Э.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Калыбаев М.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн эксперти; |
Шыкмаматов А.Н. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын директору; |
Нарбаев К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Токторалиев Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Жамалдинов З.И. | - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Мамбеталиева Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Усенов Ф.У. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Кенжебаев Д.Б. | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; |
Касымалиев М.Ш. | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Дүйшембиев А.О. | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары; |
Исаков Т.Б. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору, Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик врачынын орун басары; |
Тезекбаев К.Т. | - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; |
Жолдошев С.Т. | - Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; |
Сабиров Т.Н. | - Ош шаарынын биринчи вице-мэри; |
Рахманов Э.А. | - Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы; |
Агзамов Э.Р. | - Ош шаарынын коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Арстанбекова Т.А. | - Ош облусунун коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдети жерлерди уруксатсыз ээлеп алууга байланыштуу абалды жайгаруу боюнча чараларды көрүү болуп белгиленсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга төмөнкүдөй укуктар берилсин:
- Ош облусунун мамлекеттик администрациясына жана Ош шаарынын мэриясына кайрылган, жеке менчик турак жай курууга муктаж жарандарды аныктоого жана тизмелерин бекитүүгө;
- жеке менчик турак жай куруу үчүн керектүү жерлердин аянттарын жана орундарын аныктоо жана аларды трансформациялоо жөнүндө чечим чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүүгө;
- Ош облусунун мамлекеттик администрациясына жана Ош шаарынын мэриясына муктаж жарандарга жеке менчик турак жай куруу үчүн бекитилген тизмелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык участокторду бөлүп берүү ишин уюштурууга жардам көрсөтүүгө;
- мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлерин ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |