Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 1-июлу УӨ № 514
Жалпы билим берүүчү уюмдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана 2010-2011-окуу жылына даярдык көрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 200,0 (эки жүз) млн.сом, анын ичинен 100,0 (жүз) млн.сомду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эсептөөсүнө ылайык жалпы билим берүүчү мектептердин учурдагы ремонтуна жана 100,0 (жүз) млн.сомду окуу китептерин чыгарууга бөлсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |