Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 2-июлу УӨ № 518
1. Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кирүү мүмкүндүгү жөнүндө маселени изилдөө үчүн төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Ахматов Султан Маматович | - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасы; |
Исаев Асеин Кусеинович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - Кыргыз Республикасынын финансы министринии орун басары; |
Байбориев Алик Шейшенкулович | - Кыргыз Республикасыыын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басарынын милдетин аткаруучу; |
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Кулмамбетов Автандил Исмаилович | - Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары; |
Сулайманов Дениз Зарлыкович | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Абдикаримов Сабыржан Токтосунович | - Кыргыз Ресиубликасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы; |
Касейинов Кубат Үсөнкулович | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; |
Малабеков Замирбек Төлөбаевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Матыев Нурланбек Сагыналиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Нишанов Акылбек Савидалиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абдыбалы тегин Суеркул | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Тулегабылов Нурбек Мукашевич | - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ 2010-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кирүү мүмкүндүгүнө ар тараптуу талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш берсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруу-техкикалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган актылары ушул тескемеге карама каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |