Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 18-февралы № 37-б
Кыргыздын улуу манасчысы Саякбай Каралаевдин туулган күнүнүн 120 жылдык юбилейин 2014-жылы майрамдоого байланыштуу:
1. Уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин терагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору;
Бишкек шаарынын мэри;