Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 24-февралы № 42-б
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Займ жөнүндө макулдашуунун (Атайын операция) («ЦАРЭС 1-Транспорттук коридор» үчүнчү долбоору) (Бишкек-Торугарт жолу) долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Мамбетжанов М.Т. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
|
Жапаров А.Ү. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Сабиров М.Э. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Исаев Ж.К. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Мамаев К.А. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
|
Байгончоков М.К. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Муканбетов С.Т. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
|
Малабеков З.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
|
Ибраимова Ч.И. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;
|
Изаев А.С. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
|
Дүйшеев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык укук бөлүмүнүн башкы адиси. |
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А. Атамбаев |