Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 24-февралы № 43-б
1. Курулуп жаткан Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесинин 400 - 439 км жерине туш болгон мүлктүн тизмесин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Мамаев К.А. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасы,
|
Турдумамбетов Ы.Д. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарбасы департаментинин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары,
|
Аалиев Ж.А. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Бишкек-Нарын-Торугарт» автомобиль жолу башкармалыгынын начальниги,
|
Жамалов Э.А. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транспортту, байланышты, ОЭКти жана туризмди каржылоо бөлүмүнүн начальниги,
|
Сарыбаев Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин юридика бөлүмүнүн начальниги,
|
Маманов Н.О. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармалыгынын салык мыйзамдары боюнча методология бөлүмүнүн начальниги,
|
Акматов С.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Ат-Башы райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын начальниги,
|
Чортекова В.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Нарын облусу боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн начальниги,
|
Шалтаев Р.С. | - Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы,
|
Мукеев А. | - «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоордук-иликтөө институтунун инженери,
|
Тентимишов Ж. | - Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары,
|
Шамшиев Ш. | - Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айылдык округунун башчысы. |
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө жерине чыгуу менен бөлүнгөн автожол тилкесине туш болгон мүлктүн тизмесин аныктасын, Ат-Башы райондук кеңеши жана мүлктүн ээлери менен макулдашылган толук бүткөн отчетту даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тийиштүү корутунду киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |