Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 2-марты № 50-б
Бажы кызматын модернизациялоонун алкагында пилоттук долбоорлорду ишке ашырууда ведомстволор аралык өз аракетти камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен бекитилген 2011-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын 7-бөлүмүнүн 18-милдетинин 2) иш-чарасына ылайык:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык эксперттик комиссия түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун эксперти.
2. Ведомстволор аралык эксперттик комиссия кварталына бир жолудан кем эмес жыйын өткөрөт.