Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 15-марты № 69-б
1. "Билим берүү жалпыга" программасын тездетип жүзөгө ашыруу боюнча демилгенин Каталикалык фондунун экинчи грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Макулдашуу-Каттын долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине "Билим берүү жалпыга" программасын тездетип жүзөгө ашыруу боюнча демилгенин Каталикалык фондунун экинчи грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Макулдашуу - Катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |