Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-марты № 75-б
Ош шаарын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүнү камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын министри - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевичке:
- Ош шаарын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл аралык уюмдар менен өз ара байланышуу боюнча ишин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдары аркылуу;
- Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калкы үчүн донордук коомчулуктан келип түшкөн гуманитардык жардамды координациялоого ыйгарым укук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министри - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директору бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана алардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери эл аралык уюмдар менен иштөөдө Кыргыз Республикасынын министри - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директоруна көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |