Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-марты № 76-б
Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик чектелген ресурсту радио жыштык спектрин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана республикалык бюджетти толуктоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте төмөнкү маселелерди иштеп чыксын:
- акцияларынын 100 проценти мамлекеттик пакет болгон ачык акционердик коомду түзүү жөнүндө;
- андан ары аукцион аркылуу коомдун акцияларынын 51 (элүү бир) процентин сатуу жөнүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги GSM жана "ЗG "WСDМА/UМТS" стандарттагы уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү үчүн лицензияны жана радио жыштыктын тиешелүү тармагын ушул буйруктун 1-пунктунда аталган ачык акционердик коомго берүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте чечсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |