Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-марты № 77-б
1. Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Саламаттык сактоо II комплекстүү сектордук программага финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө келишимдин расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Келишимдин долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |