Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 26-марты № 79-б
Бишкек шаарында 2011-жылдын 28-29-мартында болуучу Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосунда өнүктүрүү маселелери боюнча эки тараптуу кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык консультацияларга катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - делегация) төмөнкү курамда бекитилсин:
Муканбетов С.Т. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, делегациянын жетекчиси; |
делегация мүчөлөрү:
Абдыгулов Т.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
|
Дүйшеев Н.А. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы;
|
Касымалиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
|
Байгончоков М.К. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Айтмурзаев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
|
Мамбеталиева Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Примов А.А. | - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
|
Калмамбетов А.И. | - Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
|
Мамбетов К.Б. | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
|
Мамбетаипов К.М. | - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
|
Сосницкая Л.А. | - Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министринин орун басары;
|
Чокоев З.Л. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Чолпонкулов Т.А. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
|
Ахматов С.М. | - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
|
Тургунбаев Ж.Т. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
|
Акматбеков Р.Ж. | - «РСК Банк» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Малабаев А.Д. | - «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Ашимов Т.К. | - Кыргызстандагы Райффайзен кооперативдерин өнүктүрүү фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча). |
2. Делегациянын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан өкмөттөр аралык консультациялардын жыйынтыктарынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |