Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-марты № 87-б
Бишкек шаарында 2011-жылдын 30-мартында болуучу "Кыргыз Республикасында гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоору боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Мамбетжанов М.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын башчысы;
Төрөбеков Н.Н. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Бактыгулова К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;
Борбиев Б.И. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Ибраимова Ч.И. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине сүйлөшүүлөрдүн протоколуна коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |