Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 31-марты № 92-б
Бишкек шаарында 2011-жылдын 9-10-февралында болуп өткөн Кыргыз-Россиялык өкмөттөр ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиянын 12-жыйынын өткөрүүгө «байланыштуу чыгымдарды жабууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 560 845 (беш жүз алтымыш миң сегиз жүз кырк беш) сом бөлүнсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |