Редакцияот 12.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 12-апрели № 112-б

Кыргызстандын көз карандысыздыгын өнүктүрүүгө салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Курманжан Датканын 200 жылдыгына арналган республикалык телемарафон өткөрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Курманжан Датка атындагы кайрымдуулук фондуна 100 000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Премьер – министри

А.Атамбаев