Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 26-майы УӨ № 385
Республикада болуп өткөн окуяларга байланыштуу чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин ишин нормалдаштыруу жана аларга колдоо көрсөтүү, милдеттүү төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдүн өз убагында болушун жана мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууну камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыналык үчүн 2010-жылдын ишемби күндөрү болгон 22, 29-май жана 5-июнь жумушчу күндөрү деп белгиленсин.
2. 2010-жылдын ишемби күндөрү болгон 22, 29-майды жана 5-июнду жумушчу күндөрү деп белгиленген тартипте жарыялоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктарына сунуш кылынсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |