Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 11-майы N 157-б
2010-жылдын 17-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен "Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жөнүндө" брифингдин катышуучулары тарабынан айтылган өтүнүчтөрдү жана сунуштарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруу үчүн:
1. Жарандарда спорт менен машыгууга жана сергек жашоо мүнөзүнө мотивацияны түзүү боюнча негизги багыттарды иштеп чыгууга карата ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Үсөналиев М.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Кенжебаев Б.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Аблаева А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорттук-массалык иштер бөлүмүнүн башкы адиси;
Айтмурзаева Г.Т. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун директору;
Алыгулова К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти;
Бекиев Т.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу-машыгуу борборунун улук инспектор-методисти;
Исакулов Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин күжүрмөн даярдык башкармалыгынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн начальниги;
Кожомбердиев К.Ш. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Сарбалиев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
Султаналиев Д.К. - Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин региондук жана социалдык саясат башкармалыгынын башкы адиси.