Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 18-апрели № 115-б
2011-жылдын 8-февралындагы Транзиттик ташуулар борборун эксплуатациялоо үчүн отун сатып алууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу максатында:
1. "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому Транзиттик ташуулар борборунун муктаждыктары үчүн авиаотун жеткирүү жана коштоочу кызматтарды көрсөтүү боюнча оператор катары аныкталсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер – министри | А.Атамбаев |