Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 19-апрели № 120-б
Мамлекеттештирилген объекттердин сакталышын камсыздоо жана аларды мамлекеттин кызыкчылыгында андан ары натыйжалуу башкаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн (кызмат орду боюнча):
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фондунун директору, жумушчу топтун жетекчиси.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө изилдеп чыксын жана мамлекеттештирилген объекттерди мамлекеттин кызыкчылыгында андан ары натыйжалуу башкаруу максатында алардын сакталышын камсыздоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жооптуу кызматкерлерин жана адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |