Редакцияот 21.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 21-апрели № 126-б

2010-жылдагы июнь окуялары убагында Кыргыз Республикасынын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында жабыр тарткан турак жайды калыбына келтирүү максатында "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн шашылыш жардам" долбоорунун чегинде:

1. 2010-жылдын 27-сентябрындагы "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн шашылыш жардам" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууга карата оңдоп-түзөтүүлөр жөнүндө расмий тилде тиркелген каттын долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине 2010-жылдын 27-сентябрындагы "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн шашылыш жардам" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууга карата оңдоп-түзөтүүлөр жөнүндө расмий тилде каттын долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер – министри

А.Атамбаев