Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-июну № 248-б
"Таш-Көмүр Солар" жоопкерчилиги чектелген коомунун (Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаары) объектилеринде авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын өз учурунда жүргүзүү, трансчекаралык мүнөздөгү өндүрүштүк аварияны жана экологиялык катастрофаны болтурбоо максатында:
1. "Таш-Көмүр Солар" жоопкерчилиги чектелген коомунун түтүкчөлөрүндөгү, сыйымдуулуктарындагы жана химиялык заттар кампасындагы зыянга учураган жерлерин оңдоо боюнча авариялык калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 6430 (алты миллион төрт жүз отуз миң) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттердеги ремонттоо-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бөлүнгөн каражаттын пайдаланылгандыгы жөнүндө маалымат берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |