Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 24-июну № 249-б
1. «Япониянын Өкмөтүнүн акысыз жардамы программасы боюнча Кадрларды даярдоого стипендияларды берүү (JDS)»долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосунда кат алмашуу жолу менен түзүлүүчү Макулдашуунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосундагы 218 миллион япон йени өлчөмүндөгү Гранттык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |