Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 24-июну № 250-б
Камсыздандыруу чегерүүлөрүн башкаруу системасын реформалоо максатында:
1. Социалдык чегерүүлөрдү башкаруу системасын реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Касымалиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Измалкова А.Н. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Аттокуров М.Ш. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Амандыков М.Л. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары;
|
Абжапаров Т.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
|
Уманкулов А. Б. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
|
Абдыкаимов А.О. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Максутов Н.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Эсеналиев Т.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнүн салык жана бажы саясат секторунун башчысы;
|
Самаган Карыя | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн эксперти;
|
Мадумаров М.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттыкты сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн эксперти;
|
Акиев М.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Жумабеков Ж.А. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкы башкармалыгынын башкы адиси;
|
Алиева Н.А. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкы башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
|
Ким Т.М. | - «Салыктык консультанттар палатасы» коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Красников А.А. | - көз карандысыз аудитор, салыктык консультант (макулдашуу боюнча);
|
Игнатова М.Ф. | - «Кыргызстандын директорлор гильдиясы» өнөр жай жумуш берүүчүлөр федерациясынын юридикалык кызматынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
|
Жаналиев Т.Н. | - Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Үчкемпирова Р.М. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Сыдыгалиева А.М. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө:
- салыктык мыйзамдарга жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга зарыл өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын;
- 2011-жылдын 1-январынан тартып социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдардан Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондуна жыйымдарды алып салуу боюнча сунуштарды иштеп чыксын;
- камсыздандыруу чегерүүлөрүнүн өлчөмүнүн негиздүүлүгүн изилдесин жана камсыздандыруу чегерүүлөрүнүн ставкаларын төмөндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык комиссияга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин ишке белгиленген тартипте тартуу укугу берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө, мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнө жана экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |