Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 28-июну № 255-б
Кыргыз Республикасынын энергетикалык инфраструктурасын жана электр энергетикалык тармактарын жакшыртуу максатында:
1. Бишкек жана Ош шаарларынын электр жабдуусун жакшыртуу долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Кредиттик макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |